Нурзат Нуртаева Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты

Кыргыз балбан кызы Нурзат Нуртаева Сербияда өтүп жаткан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты. Ал 72 килограмм салмак категориясында күч сынашууда.

Ал алгач Германиянын балбаны Лаура Кёлерди 6:1 эсебинде жеңди. Андан кийин орусиялык Лилиана Рожинаны 2:2 эсеби менен утту.

Жарым финалда ал 2022-жылкы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону жана 2024-жылкы Азия чемпиону болгон япониялык Махиро Йошитакени 6:3 эсеби менен жеңип, финалга жолдомо алды.

Эми чечүүчү беттеште Нуртаеванын атаандашы АКШнын балбаны Жасмин Робинсон болот. Финал бүгүн, 23-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан