
Чүй облусунун милиция кызматкерлери денеге оор жаракаттарды келтирүү фактысы боюнча шектүүлөрдү кармашты.
Басма сөз кызматы билдиргендей, 14-сентябрда саат 18:00 чамасында Ысык-Ата РИИБине Новопокровка айылындагы үчүнчү көлмөнүн аймагында массалык мушташ болгону маалымалган. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, 1986-жылы туулган Т.К. атту жергиликтүү тургун ар кандай дене жаракаттарын алганын аныкташкан. Жабырлануучунун айтымында, аны белгизис адамдар ур-токмокко алган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү адамдар аныкталган. Алар 1987-жылы туулган А.Б. жана 1988-жылы туулган Т.В. экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Райондук сот тарабынан аларга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Тергөө иштери уланууда.