Социалдык тармактарда Бишкекте 4 жаштагы Амина жүрөк операциясынан кийин каза болгону тууралуу маалымат тарады. Анын атасы дарыгерлерди күнөөлөп, акыйкаттык издеп видео кайрылуу жолдоду.
Бул факт боюнча Биринчи Май районундук милиция кызматкерлери тарабына иликтөө иштери башталды. Бардык зарыл тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, окуя райондук жетекчиликтин көзөмөлүндө турат.