Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектинде жаңы фонарлар коюлуп жатат. Бул тууралуу соцтармакта видео тарады.
Эске салсак, дал ушундай жарыктар Ынтымак Ордого бара жаткан жолго да коюлган.
Видеодон байкалгандай, орнотулуп жаткан чырак мамылары өзгөчө формада. Ар бир чырактын бийиктиги болжол менен 4 метрди түзөт жана тогуз чоң лампа менен жабдылган. Көрүнүшү жагынан алар пальма дарактарына же тропикалык гүлдөргө окшош.