Биз социалдык тармакта

Ташиев Ак-Талаада район үчүн алынган атайын техникаларды тапшырды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарындын Ак-Талаа районуна алынган атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.

Маалымдалгандай, техникалар район үчүн президенттин Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 110 миллион сомго алынган. Натыйжада пландалган 13 техниканын 6сы алынып, районго тапшырылган.

"Аймактардагы жергиликтүү элдин социалдык муктаждыктарын канааттандыруу максатында бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги тарабынан тийиштүү шарттарды түзүү башкы планда экенин УКМК төрагасы белгиледи. Мындан улам техникалык жана башка муктаждыктарды жоюуга казынадан акча бөлүнүп, аймактарда алгылыктуу иштер жүрүп жатканы да айтылды",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан