Кечээ, 22-октябрда Бахрейндин борбору Манама шаарындагы Exhibition World Bahrain (EWB) конгресс-көргөзмө борборунда III Өспүрүмдөр Азия оюндарынын расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, ачылыш аземинде Кыргызстандын курама командасы параддан өтүп, мамлекеттик тууну команда капитаны Улан Майрамбеков көтөрүп чыкты.
Иш-чарага Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрү, спортчулар жана машыктыруучулар катышты.
Эске салсак, III Өспүрүмдөр Азия оюндары 31-октябрга чейин уланат. Кыргызстандын атынан 145 спортчу катышууда.