“АФКнын кубогу-2014” мелдешинин тандап алуу турунда Ош шаарынын “Алай” футболдук клубу Палестинанын чемпиону “Аль-Тахри” клубуна каршы оюнга 21 футболчуну алып барат. Бул тууралуу 17-январда аталган клубдан билдиришти.
Беттеш 2-февралда Палестинада өтөт. Жеңүүчү аталган команда “АФКнын кубогу-2014” мелдешинин финадык баскычына жолдомо алат. Курамга кирген 21 футболчунун тизмеси:
Дарбазачылар: Валерий Кашуба, Рустам Дадабаев, Султан Майрамбеков
Коргоочулар: Улугбек Муминов, Ильяз Алимов, Шерзот Шакиров, Шухрат Рахманов, Веньямин Шумейко, Нурсултан Атамурзаев.
Жарым коргоочулар: Виталий Тимофеев, Муролимжон Ахмедов, Нурбек Жолдошов, Аброр Кыдыралиев, Павел Сидоренко, Александр Бельдинов, Артём Муладжанов, Бекмырза Дубанаев.
Чабуулчулар: Алмазбек Мирзалиев, Владимир Веревкин, Ильдар Амиров, Алмаз Омаралиев.
Башкы машыктыруучу: Владимир Кулагин