Ысык-Көл облусуна караштуу Шор-Булак айылында 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, курулуш иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.
Долбоорго ылайык, эки кабаттуу бала бакчада бардык заманбап шарттар каралган.
Курулуш-монтаждоо иштери “Комапания Уста Групп” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп, Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык журулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.