Кечээ, 22-октябрда Манас шаарынын мэриясы жана шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан бош жумуш орундар жарманкеси уюштурулду. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалымдагандай, анда 300дөн ашуун бош иш орундары сунушталган. Ошондой эле мекеме-ишканалар өздөрү өндүргөн продукцияларын жарманкеге коюшкан.
Сунушталган 300дөн ашуун жумуш орундарынын арасында өнөр жай, курулуш, соода, билим берүү, саламаттык сактоо тармактарына жумушчулар керектиги көрсөтүлгөн.