Ленин райондук сотунун судьясы пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматчылары жана КРнын Башкы прокуратурасы Ленин райондук сотунун судьясын пара алып жаткан жеринен кармашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы, бүгүн, 17-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, судья Ж.М. Бишкек шаарынын тургунунан жазалоо боюнча соттук чечимди чыгарбоо үчүн 6,5 миң сом сураган. Прокуратуранын кызматчылары судьяны текшергенде, анын чөнтөгүнөн жалпысынан 18,5 миң сом жана 200 доллар табылды.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура “пара опузалоо“ беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ленин райондук сотунун судьясы пара алып жаткан жерден кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
chuke
2014-01-17 16:46:58
Молодцы аида салянова так надо держать
+2
toobaldaru
2014-01-17 16:52:44
Саляновага жана анын иштешкендерине Кудай кубат берсин,олкобуздо паракор адамдар азайып, башкалар булардан сабак алышса жакшы болмок
+4
lovely-tulip
2014-01-17 17:24:04
Салянова абченер дагы бир озун коргозойун дептир да хи хи
0
men_aman
2014-01-17 21:55:10
Браво!!!!
+2
maksatbekova
2014-01-17 23:50:25
Бекер эле убара болушуптур. Кайра эле акчасын алып кое бересинер да. Орун алмашуудан сумма озгорбойт дегендей эле.
+1
piter93
2014-01-18 01:54:48
паракорчулар .елден закондон коркбосонор даа аллах талланын алдында сурак берууну ойлонуп.мыйзамдуу таза иштесенер жакшы болмок. мына еми болбогон акчаны алам деп канча жыл темир тордун ичинде олтурасынар егер акчага азгырылбаганынарда ошол акча берген кылмышкер олтурмак .силер емес.
+1
aitowa11
2014-01-18 03:58:00
Айланайын бардык жеринен акча чыгатко мунун)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан