U-23: Гүлнура Таштанбекова Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Гүлнура Таштанбекова Сербияда өтүп жаткан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда жарым финалга чыкты.

Ал 68 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашууда жана мелдешти 1/8 финалдан баштаган.

Таштанбекова алгач мексикалык спортчу Дебани Гарсияны 12:4 эсебинде жеңип, андан соң италиялык Лаура Годиного каршы беттешти 7:0 эсебинде уткан.

Муну менен Гүлнура Таштанбекова жарым финалга чыгып, анда Түркиянын өкүлү Нерсин Бас менен Германиянын спортчусу Герда Барздын беттешиндеги жеңүүчү менен таймашат.

Эске салсак, бүгүн, 23-октябрда финалга чыккан Нурзат Нуртаева 72 килограмм салмак категориясында АКШнын балбаны Жасмин Робинсон менен килем үстүнө чыгат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан