УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кышында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабашы керектигин айтты. Бул тууралуу УКМК башчысы Нарындагы иш сапары учурунда сөз кылды.
Айтымында, буга чейин өлкөдө энергетика тармагы оор абалда калган, акыркы 3-4 жыл аралыгында бул маселе боюнча алгылыктуу жумуштар жүргүзүлүп, бул тармак жакшыра баштады.
"Кыш келе жатат. Андан тышкары быйыл суу аз. Ошого карабастан мамлекетте, эч жерде электр жарыгы өчпөшү керек. Элдин жашоосуна оорчулук келбеши зарыл. Бул энергетиктерге тапшырма", - деди Ташиев.
Видео: "Ала-Тоо 24"