Токмокто алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу 17-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган айым Токмок шаарынын 36 жаштагы тургуну Мубарак Ибрагимованын мындан башка 9 фактыга тиешеси бар экени аныкталган.
2013-жылдын 25-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине 25 жаштагы аял кайрылган. Ал өзүн Зарина деп тааныштырган айым “Күрөөгө коюлган унааны арзан баага алып берем” деп 56 миң сом алып, из жашырып качып кеткенин айткан. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагыдай мүнөздөгү арыз менен 8 жабырлануучу кайрылганы маалым болду.