Бишкектеги абанын булгануусу белгиленген чектен 2,33 эсеге чейин ашты. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Кыргызгидромет билдирди.
Айлана-чөйрөнүн булгануусун байкоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, 17-октябрдан 23-октябрга чейинки мезгилде Бишкектеги атмосфералык абасындагы негизги булгануучу заттардын орточо суткалык концентрациялары чектүү деңгээлдеги концентрациядан 2,33 эсеге чейин ашкан.
Ал эми World Air Quality уюмунун бүгүнкү билдирүүсүнө ылайык, дүйнөдөгү абасы эң булганган өлкөлөрдүн ичинен биринчи орунда Пакистан, андан кийин Уганда жана Индия турат. Кыргызстан бул тизмеде 33-орунда жайгашкан.