Бүгүн, 23-октябрда Дүйнөлүк күрөш уюму кыргыз балбан кызы Нурзат Нуртаеванын видеосун интернет баракчасынан бөлүштү.
Анда уюм кыргыз күрөшүндө жаңы жылдыз пайда болгонун жарыялады.
Айта кетсек, Нурзат Нуртаева Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы эркин күрөш жана грек-рим боюнча дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынды. Анын башкы машыктыруучусу чечкиндүүлүк жана тырышчаактык балбанга жеңиш алып келгенин белгиледи.