Чүйдүн Жайыл районунда жашыруун аткезчилик жол менен алкоголдук продукцияларды өндүргөн цех аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, цехтен спирт жыттанган суюктуктар, бош идиштер, дозаторлор, капкактар, этикеткалар жана көп сандагы акциздик маркалар табылган.
Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү аймактык укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.