Биз социалдык тармакта

БШК чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо тилкелери тууралуу маалымат берди

Бүгүн, 24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы жыйында чет өлкөлөрдө дагы 20 шайлоо тилкесин бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Ага ылайык, шайлоо тилкелери төмөнкү өлкөлөрдө жана шаарларда ачылды:

  • Орусияда 14 тилке: Балашиха, Видное, Красногорск, Лобня, Улан-Удэ, Петропавловск-Камчатский, Благовещенск, Самара, Тула, Красноярск (кошумча участок), Новосибирск (кошумча тилке), Томск, Мурманск жана Набережные Челны шаарларында.
  • Казакстанда 2 тилке: Атырау жана Караганда шаарларында.
  • Тэджон (Корея Республикасы), Неаполь (Италия), Медина (Сауд Аравиясы) жана Каир (Египет) шаарларында бирден шайлоо тилкеси ачылды.

Муну менен чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо тилкелеринин жалпы саны 91ге жетти.

Эске салсак, 18-октябрда БШК чет өлкөлөрдө 71 шайлоо тилкесин түзүү тууралуу токтом кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан