
Ош облусунун Кара-Суу районунун Падаван айылында курулуп жаткан имараттан өрт чыкты. Аны өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана 1 автошаты тартылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт саат 19:50дө толук өчүрүлгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн аянты 144 чарчы метрди түзгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок.