Жалал-Абад облусундагы Манас шаары республикалык маанидеги шаар статусуна ээ болушу мүмкүн. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Маалымдалгандай, 24-октябрда шаардык кеңештин депутаттары кезексиз сессияда шаардын статусун өзгөртүү боюнча сунушту колдошту.
Эми бул демилге мыйзам чегинде иштелип чыгып, Жогорку Кеңеште каралышы керек. Документ кабыл алынса, президентке кол коюуга жөнөтүлөт.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын аталышы быйыл сентябрь айында Манас шаары болуп өзгөртүлгөн.
Маалымат үчүн: Өлкөдө республикалык маанидеги эки шаар бар — алар Бишкек жана Ош шаарлары.