Биз социалдык тармакта

Чүйдө үрөй учурган жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунда ВМW Х5 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу эки ирет жол кырсыгына кабылды. Маалыматты облустук жол милициясынан тастыкташты.

Маалым болгондой, биринчи кырсык кечээ, 24-октябрда саат 23:56 чамаларында болгон. Анда ВМW Х5'тин айдоочусу Сосновка айылында Форд-Мондео үлгүсүндөгү унааны сүзүп, андан соң качып кеткен.

Ал эми саат 00:20 чамасында ВМW Х5'тин айдоочусу Бишкек–Ош унаа жолунун 74-чакырымында бара жатып, Ренаулт Премиум үлгүсүндөгү унааны катуу ылдамдыкта келип сүзгөн.

Кырсыктын кеспетинен ВМW Х5'тин 32 жаштагы айдоочусу жана ошол эле унаадагы жүргүнчү катары келе жаткан 20-25 жаштагы аял каза болгон.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп, маркумдун өздүгү такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан