Бүгүн, 25-октябрда Манас шаарынын "Азаттык" аянтында белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков «Айкөл Манас — өчпөс ысым кылымдарга!» аттуу иш-чаранын алкагында манас айтууда.
Калаа мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, Сыдыковдун манас айтуусу саат 10:00дө башталган, ал кечки саат 18:00гө чейин улана тургандыгы күтүлүүдө.
Иш-чаранын ачылыш аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Каныбек Маманов жана шаар тургундары катышты.
"Манас" эпосу — бул биздин тарыхыбыздын терең тамыры. Ал биздин улутубуздун биримдигин, кайраттуулугун чагылдырган эпос. Бул эпос бизге өткөндүн сабактарын берсе, келечекке болгон жолду дагы ачып берет", ‐ деди мэр.
Ал ошондой эле манас айтуу өнөрү — бул жөн гана чыгармачылык эмес, бул — руханий кызмат, элге болгон таза сүйүүнүн, мекенчилдиктин жандуу мисалы экендигин кошумчалап, бул өнөрдү аркалап келе жаткан Дөөлөт Сыдыковго ыраазычылык билдирди.