Биз социалдык тармакта

БШК шайлоого катышууну каалаган жарандар тууралуу маалымат берди

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардын саны 488ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 25-октябрда 12 талапкер БШКга арыз берди. Тизме:

  • Тургунбек уулу Нурланбек, №15 (Кербен шаары), Жогорку Кеңештин төрагасы
  • Мамырова Бөдөш Аманбаевна №8 (Гүлчө айылы), убактылуу иштебейт
  • Субанов Айбек Манасбекович, №26 (Токмок шаары), Германия элчилигинде кызматкер
  • Рахман Медер, №12 (Сузак району), Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы миграция маселелери боюнча кеңештин эксперти
  • Эргешов Бекмурза Аскарбаевич, №6 (Ош шаары), Жогорку Кеңештин депутаты
  • Садыкова Венера Нажимидиновна, №6 (Ош шаары), убактылуу иштебейт
  • Эдилбеков Чолпонбек, №29 (Кочкор айылы), «Большая медведица» ЖЧКсынын коммерциялык директору
  • Таштанбекова Мадина Таштанбековна, №29 (Кочкор айылы), убактылуу иштебейт
  • Төлөмүшов Бегали Пирмаматович, №2 (Кадамжай шаары), «Интер Энерджи» ЖЧКсынын башкы директору
  • Жалилов Азамжан Абдуллажанович, №9 (Өзгөн шаары), Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы
  • Умарбеков Боронбай Баитович, №9 (Өзгөн шаары), Ош электр тармактар ишканасы, бөлүм башчынын орун басары
  • Кадырова Жылдызкан Турумбековна, №9 (Өзгөн шаары), адвокат

БШК кезексиз парламенттик шайлоого талапкерлердин арыздарын 30-октябрга чейин кабыл алат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында өтөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан