Биз социалдык тармакта

"Акмакчылык!" Жеңишбек Токторбаев Ош унаа базарында жемкорлук болуп келгенин айтты (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ош унаа базарында мурун жемкорлук иштер болуп келгенин айтты.

"Ушул базар 1 жылда араң 25-30 миллион сом чогултчу экен. Бул эмне деген акмакчылык! 100 пайыз уурулук, коррупция! 2 айын мамлекетке төккөн, анан 10 ай уурдап жешкен. Мына, азыр базардын Европа унааларын саткан бөлүгүнөн эле 2-2,5 айдын ичинде 35 миллион сом топтодук", - деди ал унаа базарынын оңдоодон өткөн корей унааларын саткан бөлүгүнүн ачылышында.

Токторбаев унаа базарга кирген унаалардан эми накталай акча алынбай турганын, төлөм электрондук түрдө жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Жеңишбек Токторбаев Ош унаа базарында жемкорлук болуп келгенин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан