Бүгүн, 26-октябрда Ош шаарынын Анар кичи районундагы 6 көп кабаттуу үйдүн ички жолдоруна асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди.
Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев бул Калбү аттуу кичинекей кыздын суранычы менен ишке ашырылганын айтып, ага белектерин тапшырды.
Өз кезегинде кичине кыз Токторбаевге арнап ыр айтты.
"Сиз келгени Ош шаарына мэр болуп,
Өзгөрүлдү шаарыбыз бүт оңдолуп.
Бир кездеги биз билбеген тар жолдор,
Заңгырады асфальтталган жол болуп.
Айткан сөзгө, убадага бек туруп,
"Макул, кызым, барам сага" деп туруп.
Биздин дагы оңдоп мына короону,
Ойной турган аянтчаны бек куруп..."