Кыргызстандык Рамис Масловец III өспүрүмдөр Азия оюндарында муай тай боюнча коло байге утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, ал Бахрейндин Манама шаарында өтүп жаткан турнирге 48 килограмм салмак ченинде катышкан. Муай тай боюнча мелдештер Exhibition World Bahrain (EWB) конгресс-көргөзмө борборунда өткөн.