Бахрейнде өткөн III өспүрүмдөр Азия оюндарынын алкагында ММА (аралаш мушташ өнөрү) боюнча 3 кыргызстандык байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, 60 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан Мухаммадрасул Кадирдинов күмүш медаль жеңген. Ал эми 75 килограмм салмак ченинде катышкан Кубаныч Шаршенбаев менен 60 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Гүлмайрам Абдыкеримова коло байге ээси болгон.
Турнир Манама шаарындагы Exhibition World Bahrain (EWB) конгресс-көргөзмө борборунда өткөн.