Биз социалдык тармакта

Ак-Ордо конушунда дагы бир 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда 750 орундуу дагы бир мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 343 миллион сомду түзөт.
Жалпы аянты 6416 чарчы метр болгон мектеп 4 блоктон турат. Заманбап талаптарга жооп берген 3 кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы жана спорт залы каралат. Мындан тышкары, окуучулар жана мугалимдер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, техникалык жабдыктар менен камсыздалат.
Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө. Азыркы тапта мектептин пайдубалы куюлуп бүттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан