30-октябрда Бишкек шаарындагы Ак-Босого конушунда ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган күнү саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Суу өчүүчү аймактар:
"Ак Босого" конушу, анын ичинде: №81 орто мектеп, №13 ҮБД, №2 "Алтынай" мектепке чейинки билим берүү мекемеси, №15 жергиликтүү милиция бөлүмү, №16 МАБ.