Биз социалдык тармакта

Баткенде уурулукка шектелип коңшу өлкөнүн жараны кармалды

Баткенде уурулукка шектелип коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда аталган облустун ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22-октябрда болжол менен саат 23:30 чамасында Баткен шаарында уурулук фактысы катталган. Тактап айтканда, Баткен шаарынын 37 жаштагы убактылуу жашоочусу өзүнүн бөлмөсүндө калган жеке буюмдарын, "Samsung A50" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, кийим-кечесин жана 6000 сом акчасын белгисиз адам уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө жабырлануучуга жалпы 19 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгендиги аныкталды.
Баткен ШИИБинин кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган кылмышка кошуна мамлекеттин Р.Д. аттуу жараны шектүү катары кармалып, учурда убактылуу кармоо жайына киргизилген. Бул жарандын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу аныкталууда. Учурда тергөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан