Чүй облусунда каракчылыкка шектелген топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, Москва РИИБине инкассатор болуп иштеген А.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, карактоого шектүү адамдарга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 18-октябрда саат 04:30 чамасында Москва районунун Петровка айылынын Ак-Суу бурулушунда, газ куюучу жайдын артында, беткап кийген белгисиз адамдар анын бетине калемпир газын чачып, эки баштыгын тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөөнүн натыйжасында 1988-жылы туулган С.Т., 1987-жылы туулган И.Н., 2000-жылы туулган У.М., 2002-жылы туулган Д.Ш. аттуу шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Райондук сот алардын ар бири боюнча камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.