25-26-октябрда Бишкекте Saikou X Lush Boxing Promotions компаниясы уюштурган экинчи эл аралык профессионалдык бокс турнири өттү. Мелдеште беш титулдук беттеш өтүп, анын ичинде WBA Asia, WBA жана IBF версияларынын курлары ойнотулду. Бул дүйнөлүк деңгээлде таанылган жана атактуу мушкерлер күч сынашып жүргөн титулдар.
Кыргызстандын атынан рингге 10 кыргыз мушкери чыкты. Алардын катарын Самат Кыргыз каймана аты менен белгилүү болгон Самат Абдрахманов да толуктады. Анын атаандашы зимбабвелик мушкер Брендон Денес болду. Алардын беттеши Саматтын жеңиши менен жыйынтыкталды.

Абдрахманов беттештен кийин журналисттерге маек берип жатып эрежесиз эр уруштан профессионалдык бокска кайтканын билдирди. Чоң байгелер коюлса гана эр уруштагы беттештерге катышарын билдирип, зимбабвелик мушкер менен болгон беттешине комментарий берди.
"Беттеш мен үчүн анча болбой калды. Башкача урушайын дедим эле, негизгиси уттук", - деди мушкер

Эки күн бою өткөн турнирде 16 беттеш өтмөк. Бирок Кыргызстандын атынан катышууга бел байлаган Дилмурад Сатыбалдиевдин жана дагы бир нече беттештер белгилүү себептерден улам болбой калды. Ал эми калган катышуучулар мелдештин алкагында бүйүр кызыткан оюн көрсөтүштү.
Биринчи күн 5 беттеш менен жыйынтыкталды. Алар:
- Кыргызстандык Нурсултан Толокулов менен казастандык мушкер Абзал Серик беттешип, үч раундда техникалык нокаут менен казак жеңди;
- Дагы бир мекендешибиз Аскат Култаев Япониядан келген Миягава Райселге чыгып, алты раунддун жыйынтыгы менен жеңилүү ызасын тартып калды;
- Япониядан келген мушкер Ханада Хайате филиппиндик Раписта Кеннежди он раунддун жыйынтыгы менен жеңди;
- Анын жердеши Сано Аюму да жеңишке жетип, Филиппинден келген Тагаканао Рейемартти жеңди;
- Дагы бир Филиппинден келген мушкер Жон Риздь Касимеро япониялык Кёносукз Камедага жеңилди.
Ал эми беттештердин экинчи күнү 7 кыргызстандык мушкер чыгып, анын төртөө жеңиш менен кайтты. Жыйынтыктары:
Профессионалдык бокс турнири буга чейин 20-июлда уюштурулган. Анда Париж Олимп оюндарынын күмүш жана Дүйнө чемпиондугунун коло байге ээси Мунарбек Сейитбек уулу катышып, Угандадан келген мушкер Коннрад Серуенгени жеңген.