
Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси болуп
Жылдызбек Болотбеков дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койду. Жылдызбек Болотбеков ушул эле бөлүмдө адис болуп 4 жылга жакын убакыттан бери эмгектенип келген.