Биз социалдык тармакта

Сузакта мамлекеттик кызматкер кармалды

Жалал-Абаддын Сузак райондук калкты тейлөө борборунун башкы адиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат ал Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын белгиледи.

Тактап айтканда, шектүү өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Кыргыз жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү шылтоосу менен жарандардан системдүү түрдө акча алгандыгы аныкталган. Аталган кызматкер 21 миң сом акча каражатын электрондук капчык аркылуу кайтаруу учурунда колго түшкөн. Учурда ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан