АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаровду Вашингтонго чакырды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG медиа порталына президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-ноябрда АКШда Борбордук Азия-АКШ саммити өтөт.
"Жапаров АКШнын башчыларынын кезектеги жолугушуусуна чакырууну ыраазычылык менен кабыл алды. Президентин администрациясы мамлекет башчысынын АКШга болгон иш сапарына даярдык көрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө",- деп билдирди Алагөзов.