Биз социалдык тармакта

Кочкордогу борбордук стадиондо реконструкция иштери жүрүп жатат

Нарын облусунун Кочкор районундагы борбордук стадиондо ири реконструкция иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Курулуш иштери “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул долбоор Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө турат.
Жүргүзүлүп жаткан иштердин максаты - улуттук стандарттарга жооп берген заманбап спорттук инфратүзүмдү түзүү. Стадион жаштар үчүн райондук, республикалык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө багытталган маанилүү борбор болот.
Белгилей кетсек, стадион 1980-жылы курулуп, андан бери реконструкциядан өткөн эмес.
Кочкордогу борбордук стадиондо реконструкция иштери жүрүп жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан