Биз социалдык тармакта

Бишкек мэри Кытайдагы заводдун ичин көрсөттү (видео)

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кытайдын Чандэ шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы кабарлап, Жунушалиев тарткан видеону бөлүштү.

Маалымдалгандай, мэр электр автобустарды чыгарууга адистешкен CRRC Electric заводун кыдырып чыккан. Сапар экологиялык жактан таза коомдук транспорт жаатындагы заманбап технологиялар менен таанышууга жана Бишкектин транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн андан ары кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө багытталган.

Сапардын жүрүшүндө заводдун өкүлдөрү менен жолугушуулар жана Бишкекте электр транспортун киргизүү келечеги боюнча талкуулар пландаштырылууда.


Бишкек мэри Кытайдагы заводдун ичин көрсөттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан