Бүгүн, 27-октябрда агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында 2-класстар үчүн басылып чыккан математика боюнча окуу-методикалык комплекстерди кабыл алды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бул окуу-методикалык комплекстер окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 2-класстары үчүн жалпы 344 660 нускада басылып чыкты.
Мекемеден маалымдашкандай, учурда 2-класстар үчүн табигый илимдер боюнча окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу иштери башталды.