Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбан Билол Шарип уулу коло медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Билол Шарип уулу Сербиянын Нови-Сад шаарында өткөн жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Балбан 65 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Ал АКШ, Грузия жана Казакстандын балбандарын утуп, жарым финалга чейин жетти.
Финалга чыгуу үчүн болгон таймашта кыргызстандык балбан өзбекстандык балбанга утулуп калды. Ал эми үчүнчү орун үчүн болгон беттеште Азербайжандын балбанын 1 мүнөт 57 секунддун ичинде 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген.
Жыйынтыгында Билол Шарип уулу 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан