Волейбол боюнча Кыргызстандын кыздар арасындагы Ачык чемпиондугуна 7 команда катышат

22-январда старт ала турган волейбол боюнча Кыргызстандын кыздар арасындагы Ачык чемпиондугуна 7 команда катышат. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда КРнын Волейбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке Казакстандан “Спартак АМТ”, “Металлург АМТ” командалары, ал эми Кыргызстандан “Салам-Алик”, “Намыс”, “Улар”, “Алай-Датка”, “Динамо УВД” командалары катышат.  

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын Ачык биринчилигинде жеңүүчү 2 турдун негизинде аныкталат. Биринчи тур 22-26-январь аралыгында Бишкекте өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
92nuraaly
2014-01-18 01:04:46
Кучтуу командага ийгилик каалайм.
-1
sakibaev
2014-01-19 12:58:05
Алай датка алдыга силерде защита бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан