Биз социалдык тармакта

Энергетика министри элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды (видео)

Энергетика министри Таалайбек Ибраев "Биринчи радиого" берген маегинде элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.

"Ар бир абонент эртең менен кечинде бардык электр жабдыктарын колдонуудан алыс болсо. Анан үнөмдөш керек. Үнөмдөө бул бизге эле пайда эмес, электр энергиясын колдонуп жаткан абоненттерге да пайда. Мына, азыр мен силерге келе жатсам, түштө деле кафенин жарыктарынын баары күйүп турат да. Ушундайлардан алыс болуп, үнөмдөсөк, баарыбыз бай болобуз",- деди ал.

Ибраев буга чейин да кыргызстандыктарды электр жарыгын үнөмдөөгө чакырган. Быйыл өлкөнү кышында электр тармагында кандай абал күтөт? Кызыктырса бул шилтемеден окусаңыз болот.

Энергетика министри элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан