Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан мунайды кайра иштетүүчү жайдан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 12:29да толук өчүрүлгөн.
"Тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Өрттүн аянты болжол менен 150 чарчы метрди түздү",- деп билдирди ӨКМ.
Белгилей кетсек, бүгүн, 28-октябрда аталган жайда өрт чыккан.