Бүгүн, 28-октябрда Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусун туман каптап, кар жаап жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Мындан улам жол тескөөчүлөр аталган унаа жолго чыккан айдоочуларды бардык коопсуздук чараларын, жол эрежелерин так сактоого чакырат. Ошондой эле унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу керектигин эскертти.
Белгиленгендей, өздүк курам Бишкек-Ош унаа жолунда кызмат өтөөдө.