Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда жаңы спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жер казуу иштери аткарылып жатат. Спорт комплексинин жалпы аянты 1 433,38 чарчы метр. Курулуш иши президенттик фонддон каржыланып, "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жатат.