Акжол Махмудовдун Москвадагы турнирдеги атаандашы аныкталды

Кыргызстандын белгилүү балбаны Акжол Махмудов Орусияда өтө турган эл аралык күрөш турниринде беттеш өткөрөт. Ал 8-ноябрда Москва шаарында өтө турган PWL-10 лигасынын онунчу турнирине катышат.

Махмудов 82 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашат. Анын атаандашы болгариялык балбан Айк Мнацаканян, ал дүйнө жана Европа чемпиондугунун эки жолку коло байге ээси.

Алар буга чейин да эки жолу PWL турниринде күрөшүп, экөөндө тең Махмудов жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан