Ак-Босого жаңы конушундагы каналдан адамдын жансыз денеси табылды. Бул туурасында ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, азиат улутундагы адамдын денесин жергиликтүү тургундар көрүп, милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.
Учурда өлгөн адамдын өздүгү такталды. Ал 31 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Бактияр болуп чыкты. 2013-жылдын 25-декабрында Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө шаар тургуну кайрылган. Анда ал Бактияр аттуу тууганынын 2013-жылдын 9-декабрынан бери дайынсыз экенин айткан.