
26-октябрда Казакстандын Түркстан шаарында Turkistan Marathon салттуу жарышы өтүп, анда милициянын отставкадагы генерал-майору
Кемелбек Киязов үчүнчү орунга ээ болду. бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
69 жаштагы ички иштер органдарынын ардагери 42 чакырым 195 метр аралыкты 3 саат 46 мүнөт 2 секундда чуркап өтүп, жеке рекордун жаңылады. Мелдештин жыйынтыгы боюнча Кемелбек Киязов 60-69 жаш курактык категориясындагы спортчулардын арасында үчүнчү орунду ээледи.
Ал өзүнүн спорттук жетишкендиктерин келе жаткан кесиптик майрамы, тагыраагы, түзүлгөнүнө 101 жыл толгон милициянын күнүнө арнады.
Белгилей кетсек, 2024-жылы ардагер Анталияда өткөн эл аралык марафондо Кыргызстандын атынан катышып, 10 чакырым аралыкты 43 мүнөт 33 секундда ийгиликтүү чуркап өткөн.