Биз социалдык тармакта

Автоунаа айдаган өспүрүм аныкталып, ата-энесине протокол түзүлдү (видео)

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы өспүрүмдүн автоунаа айдап жүргөнүн аныктады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, 20-октябрда социалдык тармактарда жаш өспүрүм бала Hyundai Palisade үлгүсүндөгү автоунааны айдап жүргөн видео тараган.

Бул боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, өспүрүм аныкталды. Ата-энесине автоунааны башкарууга уруксат бергени үчүн тиешелүү укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.

"Урматтуу ата-энелер! Балдарыңызга автоунаанын ачкычын бербеңиздер", -деп айтылат билдирүүдө.

Автоунаа айдаган өспүрүмдүн ата-энесине укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан