Биз социалдык тармакта

Оштогу Керме-Тоо отканасы пайдаланууга берилди (фото)

Бүгүн, 28-октябрда Ош шаарындагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн Керме-Тоо отканасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышты.
1986-жылы курулган бул откананын өндүрүштүк кубаттуулугу жогорулатылып, эски жабдуулардын ордуна ар бири саатына 2,15 гигакалория кубаттуулуктагы заманбап электр казандары жана ишенимдүү насостор орнотулду. Бул жаңылануу энергияны үнөмдөөгө, чыгымдарды азайтууга жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Аталган откана 10 көп кабаттуу үйдү жана 1 орто мектепти, жалпы 49 682 чарчы метр жылытуу аянтын камсыздайт. 3436 метр узундуктагы жылуулук түтүк системасы жаңыланып, энергиянын жоготуусу кескин кыскартылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан