Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы кафе-ресторан, коомдук тамактануучу жай жана башка коммерциялык объекттердин аталышы милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жазылышы керектигин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда шаардык мэриядан билдиришти.
"Шаардагы кафе-ресторан, ишканалардын аттары англисче, латынча, арабча, өзбекче, кытайча жазылып калыптыр. Баарын алып, кыргызча жазып коюшсун. Биздеги тил комиссиясына тапшырма берилсин", - деди Токторбаев.
Токторбаев бул талапка жооп бербеген жайлардын ээлерине 10-ноябрга чейин убакыт берди.