Бишкек–Кант–Токмок унаа жолунда асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, азыркы тапта убактылуу жол сызыктары чийилип, эки тараптуу каттам берилди.
Долбоорго ылайык, жолдун 5+200-9+050-чакырымдар аралыгына асфальттын жогорку катмарын төшөө, көпүрөнү оңдоо, тротуар жана лоток орнотуу жумуштары да жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, Бишкек–Кант–Токмок унаа жолунун 3,85 чакырымга созулган тилкесин (Новопокровкадан Лермонтовго чейин) капиталдык оңдоодон өткөрүү мерчемделген.